АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-марты №20/28
Аймактык коргонуу жана жарандык коргоо иш-чараларын камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары Н.Аскаровдун билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлгөн отурумун угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймактык коргонуу жана жарандык коргоо иш-чараларын камсыз кылуу максатында 500000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылсын.
2. Иш-чарага керектелүүчү акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Умаров А. |