Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/1
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө максаттуу трансферт болуп келип түшкөн 8 073,6 миң сом акча каражатын Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы планын жасатуу үчүн 2025-жылдын бекитилген сметасынын такталган планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумундагы чечими боюнча депутат Г. Абдиеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 55-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын киреше бөлүгүнө республикадан кошумча берилген максаттуу трансфертти планга киргизип тактоо жагы каралсын.
К/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | II-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1. | Максаттуу трансферт | 13321200 | 8 073,6 | 8 073,6 |
|
| бардыгы |
| 8 073,6 | 8 073,6 |
|
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн сметасынын төмөндөгү беренелеринин такталган планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүмү | Бөлүмдүн аталышы | Берененин аталышы | Берене | Бардыгы | II квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
704 | Экономикалык суроолор | Түрдүү чыгымдар | 22154900 | 8 073,6 | 8 073,6 |
|
|
| Баардыгы |
| 8 073,6 | 8 073,6 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылга бекитилген сметанын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу , максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаев жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |