Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/3
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылынын жашоочуларынын өтүнүчү боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги аянты 430,0 чарчы метр жер тилкесине жаштарды ыйманга тарбиялоо максатында жана кары-картаңдар үчүн намаз окууга жакшы шарт түзүү үчүн мечит салууга кеңеш тарабынан макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы муниципалдык менчиктеги, аянты 430,0 чарчы метр жер тилкесине айыл тургундары үчүн мечит салууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Б. Самиев |