Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/4
Гүлчө айылынын Бөкөев көчөсүнүн №88 үйдүн жашоочусу Жумабаев Ысмандын соода-сатык дүкөнүнүн багытын турак-жайга өзгөртүп берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, кеңештин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 5-01-04-1002-0891 идентификациялык коду менен катталган соода-сатык дүкөнүнүн максаттуу багытын турак-жай үчүн өзгөртүлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап , иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3.Тиешелүү юридикалык документтерди тактап, даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |