Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/5
Гүлчө айылынын тургуну Джоробаев Акылбектин, Нарматов көчөсүнүн №270 дарегинде жайгашкан жеке менчик турак-жайынын максаттуу багытын, мончо куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берүү арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, кеңештин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын тургуну Джоробаев Акылбектин, Нарматов көчөсүнүн №270 дарегиндеги, аянты 495,0 чарчы метр болгон жер тилкесине турак-жай куруу үчүн Гүлчө айыл өкмөтү тарабынан берилген 08.06. 2020. №42 токтомунун максаттуу багытын, мончо куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3.Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
4. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |