Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/6
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын мурдагы орун басары Каришов Султанбек Ганыбаевичтин, көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен, маркумдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, Алымбек датка сейил багынын ичинен аллея уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, жергиликтүү кеңештин депутаты Б.Нуралиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктунун негизинде , Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын Алымбек датка сейил багынын ичинен, 76,5 чарчы метр болгон жер тилкеге, маркум Каришов Султанбек Ганыбаевич атындагы аллея уюштурууга макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р. Какаровго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |