Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/7
М.Адышев атындагы орто мектебинин кире бериш жагында бир түп карагай мектептин дубалына жабышып өсүп, окуу каанасынын терезесин тосуп, караңгы болуп жаткандыгына жана электр чубалгыларына тийип өсүп, коопсуздук жараткан бир түп теректи кыйууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын кезектеги 8-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажибековдун билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Адышев атындагы орто мектебиндеги коопсуздук жараткан бир түп карагай жана бир түп теректи кыйууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы теректерди кыйууга уруксат катын Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |