Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/8
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы №10 А.Мадалиев атындагы негизги мектебинде 2024-2025- окуу жылына карата жаңы мектептин курулушу башталуунун алдында турат. Курулуучу мектептин айланасында өсүп, жетилип, коопсуздук жараткан жана курулуш техникаларына тоскоол болгон 112 түп тал-теректерди кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажибековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2024-2025-окуу жылында курулуш болчу №10 А.Мадалиев атындагы негизги мектептин айланасындагы курулуш техникаларына тоскоол болуп, коопсуздук жараткан арызда көрсөтүлгөн 112 түп тал-теректеин ичинен 73 түбүн кыйдырууга макулдук берилсин.
2. Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан, жогорудагы 73 түп тал-теректерди кыйууга уруксат кат алып келүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |