Загрузка документа…
9-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө типтүү жобо билим алуучуларды аттестациялоо тартибин, ошондой эле академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо (экзамендерди, модулдарды, контролдук иштерди кабыл алуу, оозеки сурамжылоолор) - бул кесиптик орто билим берүү уюмунун (мындан ары - КОБ уюму) билим алуучуларынын окуу материалдарды мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык өздөштүрүүсүн контролдоо.
3. Билим алуучуларды учурдагы аттестациялоо (мындан ары -учурдагы контролдоо) - семестр ичинде оперативдүү контролдоо жана модулдарды кабыл алуу, оозеки сурамжылоо, контролдук иштер жана билим алуучулардын өз алдынча ишинин башка түрлөрү түрүндө аларды өздөштүрүү процессинде тиешелүү дисциплиналардын логикалык жактан бүткөн бөлүмдөрү (модулдары жана главалары) боюнча билим алуучулардын билим деңгээлин жана окуу материалын өздөштүрүү даражасын баалоо.
4. Билим алуучулардын жетишкендиктерин орто аралык аттестациялоо (мындан ары - орто аралык аттестациялоо) - бул семестрдин окуу планында каралган дисциплиналар боюнча экзамендерди кабыл алуу жолу менен семестрдин аягында (экзамендик сессия учурунда) милдеттүү түрдө контролдоо.
5. КОБ уюмдары билим алуучулардын жетишкендиктерин учурдагы контролдоону жүзөгө ашыруунун жана орто аралык аттестациялоонун формасын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн өз алдынча тандайт. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо формасы КОБ уюму тарабынан аныкталат, билим алуучуларга семестрдин башталышына карата билдирилет.
6. Экзамендер орто аралык аттестациялоонун негизги формасы болуп саналат жана билим алуучунун семестрдеги ишин, теориялык билимдерди өздөштүрүү даражасын баалоо, өз алдынча иштөө көндүмдөрүн, алган билимдерин синтездөө жана аларды практикалык, кесиптик маселелерди чечүүдө колдоно билүүсүн текшерүү максатын көздөйт.
7. Билим алуучулардын жетишкендиктерин баалоонун модулдук-рейтингдик системасы (мындан ары - БМРС) - аларды өздөштүрүү процессинде тиешелүү дисциплиналардын логикалык жактан бүткөн бөлүмдөрү (модулдары жана главалары) боюнча билим алуучулардын окуу материалын семестр ичинде өздөштүрүүсүн контролдоо.
БМРСнын алкагында ушул семестрде окутулган ар бир дисциплинаны өздөштүрүү даражасы 100 баллдык рейтингдик шкала боюнча бааланат (учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо үчүн баллдардын саны КОБ уюму тарабынан белгиленет).
8. Факультативдик дисциплиналар боюнча билим алуучулар экзамендерди каалоосу боюнча тапшырат жана жыйынтыктары ведомостко жана дипломдун тиркемесине киргизилет.
9. Өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар билим алуучулар үчүн учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо психофизикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен жекече тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт.
2-глава. Орто аралык аттестациялоо тартиби
10. Учурдагы контролдоо жана орто аралык аттестациялоо окуу жылына карата КОБ уюмунун окуу процессинин графигине ылайык КОБ уюму тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Семестрде өзүнчө дисциплина боюнча толук учурдагы контролдоодон өткөн жана 30 баллдан ашык алган окутуунун бардык формаларындагы билим алуучуларга орто аралык аттестациялоо мезгилинде бул дисциплина боюнча экзамендерди тапшырууга жол берилет.
12. КОБ уюмунун жетекчиси жана анын орун басары окутуунун бардык формалары боюнча билим алуучуларга КОБ уюму белгилеген тартипте каралуучу жүйөлүү себептер (оору, 3 жашка чейинки балдары болсо, үй-бүлөлүк шарттар, узак кызматтык иш сапарлар жана табигый кырсыктар ж.б.) документ менен ырасталган жеке арыздын негизинде орто аралык аттестациялоонун айрым дисциплиналары боюнча жекече экзамен тапшырууга уруксат берүүгө укуктуу.
13. Билим алуучулар экзаменге келгенде экзаменаторго инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү.
14. Дисциплина боюнча экзамендерди экзаменатордун ассистенттеринин катышуусу менен группада лекциялык жана башка формада сабактарды өткөн окутуучулар кабыл алат.
15. Курстук иштерди (долбоорлорду), эсептик-графикалык иштерди жана практикадан өтүү жөнүндө отчетту коргоо алардын жетекчилеринин катышуусу менен бөлүм дайындаган комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
16. Экзамендердин жыйынтыктары, курстук иштерди (долбоорлорду), эсептик-графикалык иштерди коргоо жана жумуш ордунда окуудан өткөндүгү жөнүндө отчеттор (дуалдык окутуу, практика) КОБ уюму тарабынан белгиленген баллдык система боюнча "эң жакшы", "жакшы", "канааттандырарлык" жана "канааттандырарлык эмес" деген бааларга которуу менен бааланат.
17. Билим алуучулардын жетишүүсүн баалоонун модулдук-рейтингдик системасында КОБ уюму тарабынан төмөнкү шкала боюнча баллдарды баага же тескерисинче которуу механизми аныкталат.
КОБ уюму 1-таблицага ылайык баалоо шкаласын өз алдынча иштеп чыгат:
1-таблица