Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин Буйругуна Тиркеме «25»_07__ 2025-ж. № 14 - 10 |
Өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган
зымдарды (ӨӨККЗ) тейлөө үчүн ишкерсандардын
санынын ченемдери жана КЗАЧ (капталмаланган
зымдуу аба чубалгыларынын) шарттуу бирдиктерин
эсептөө үчүн ченемдери
БИШКЕК 2025
Шарттуу кыскартуулар
Кыскартуу | Термин |
АЧ | Аба чубалгылары |
КЗАЧ | Капталмаланган зымдуу аба чубалгысы |
КЗЧ | Каптама зымдуу чубалгылар |
ЖТКЧ | Жыйнактуу трансформатордук көмөк чордон |
ЭЛ | Электр линиясы |
«КУЭТ» ААК | «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому |
ИЖД | Иш жүргузүү долбоору |
КЭ | Коопсуздук эрежелери |
ТИЭ | Кыргыз Республикасынын электр станцияларын жана тармактарын техникалык эксплуатациялоо эрежелери |
ӨӨККЗ | Капталмаланган өзүн көтөрүүчү зым |
ККМШ | Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
ККЭ | Курулуш коддору жана эрежелери |
ТКЧ | Трансформатордук көмөк чордон |
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул ченемдер тейлөөчү кызматкерлердин зарыл болгон санын эсептөө үчүн арналган: инженердик-техникалык кызматкерлердин - жетекчилердин, инженерлердин, устаттардын; КЗАЧтарды тейлөөчү жана оңдоочу жумушчу электрэпкерлердин,өзүн-өзү көтөрүүчү (ӨӨККЗ-2-3-4) капталмаланган зымдуу аба электр өткөрүү чубалгыларын тейлөө жана иштетип пайдалануу менен алектенген автомобилдик гидравликалык көтөргүчтөрдүн машинист-айдоочуларынын, жана капталмаланган зымдуу аба электр беруу чубалгысынын (КЗАЧ) шарттуу бирдиктерин эсептөө жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ишканаларында колдонууга милдеттүү.
2. Бул ченемдер Институттун изилдөөлөрүнүн натыйжаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин бекитилген жыйнактарына негизделген, жанаКыргыз Республикасынын Энергетика министирлигинин 2023-жылдын 22 мартындагы № 01-13\70 токтому менен бекитилген“0,4-35 кВ чыңалуусундагы аба жана каптама зымдуу чубалгысын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү жайларды ондоонун жана тейлөөнүн убакыт ченемдери”не толуктоочу болуп саналат.
3. Сандык ченемдерди иштеп чыгуу фотохронометраждык байкоолорго, жумушчулардын иш жүзүндөгү саны жана алардын аткарган жумуштарынын көлөмү жөнүндө уюмдардын маалыматтарына, ошондой эле жумушту аткаруунун жана жумушчулардын эмгегин уюштуруунун уюштуруу-техникалык шарттарын изилдөөлөрүнүн материалдарына; эмгек боюнча ченемдик материалдарга жана башка ыкмалык материалдарды иштеп чыгуу боюнча ыкмалык сунуштарга негизделет.
4. Ченемдик материалдар төмөнкүдөй иштерди аткарган кызматкерлердин санын аныктоого мүмкүндүк берет:
- капталмаланган зымдуу аба чубалгысын (КЗАЧты) куруу, орнотуу жана оңдоо боюнча оңдоо-курулуш иштери;
- КЗАЧтарды техникалык тейлөө.
5. Ченемдер өзүн өзү көтөрүүчү капталмаланган зымдар (ӨӨККЗ) менен электр тармактарын оңдоп-түзөө, куруу жана тейлөө боюнча техникалык тейлөөчү ишкерсандарды керектүү шаймандар, аспаптар жана ыкташтырмалар, атайын техникалар менен камсыздоо ченемдерин жана жумуштун мүнөзүн эске алуу менен, аба ырайынын жана температуралык иш тартиптерин жана жумуштарды аткаруунун эң көп таралган кадимкидей шарттарына белгиленет, булардан өзгөчөлөнгөн убактарда таталдашуунун тийиштүү көмөкчоңдуктарын колдонуу керек.
6. Тейлөөчү бөлүмдөр боюнча жумушчулардын саны электр тармактарынын көлөмүнө жана ар бир бөлүм боюнча жылдык болжомдолгон иштердин көлөмүнө, ӨӨККЗларды Техникалык иштетип пайдалануу эрежелерине, заводдук нускамаларга ылайык техникалык тейлөөлөрүнүн ченемдерине, жана мезгилдүүлүгүнө ылайык, ишкерсандардын ишке туура жана толук жүктөлүшүн жана аткарылуучу иштердин тиешелүү сапатын камсыз кылуусун эсепке алуу менен аныкталат. Жумушчулардын санын болжомдоо мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, бөлүктөрдөн, иш бөлмөлөрүнөн, имараттардан, кызматтардан, өндүрүштөрдөн башталып, башкаруу аппаратынын бөлүмдөрүнөн аякташы керек.
7. Көрсөтүлгөн сандардын маанилеринин берилген чектеринин "чейин" дегенин "камтыйт" деп түшүнүү керек.
8. Ченемдерде каралган эмгекти уюштуруу, жумуштун технологиясы, машиналар, жабдуулар жана башкалардын кыйла жаңыларын жана алдыңкыларын пайдаланган учурда, аларга ылайык жергиликтүү ченемдер белгиленген тартипте иштелип чыгарылып жана бекитилүүгө тийиш.
2-бөлүм. Эмгекти уюштуруу
9. КЗАЧтардагы оңдоочу-иштетип пайдалануучу жумуштарды аткарган учурдагы эмгекти уюштуруу түрү 0,4-35 кВ АЧдагы эмгекти уюштуруу түрү менен бирдей.
10. КЗАЧтарды тейлөө өзүнө техникалык тейлөөлөрдү жана оңдоолорду камтыйт.
11. Техникалык тейлөө учурунда төмөндөгү жумуштар аткарылат: - КЗАЧтарды карап текшерүү, түркүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн текшерүү, көзөмөлдөөчү өлчөөлөр, өлчөөлөр жана сыноолор, зымдарды жана арматураларды текшерүү, зарыл болгон учурда кээ бир жумуштар аткарылат (трассаларды өскөн бак-дарактардан тазалоо, түркүктөрдүн айрым бузулган бөлүктөрүн алмаштыруу, түркүктөрдү түздөө жана бекемдөө, зымдарды тартып чыңдоо, жердетме өткөргүчтөрүн, капкакчалардын кыскычтарындагы бузулган каптарын, кырчоолордун каамыттарын, бекитүүчү тасмаларды ж.б. алмаштыруу).