Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 36
Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер боюнча 23185733,0 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 22689349,7 миң сом суммасында, чыгашалардан ашкан кирешелер боюнча 496383,3 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Б. Усеналиев |