Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын

кезексиз XXVI-сессиясы

 

2023-жылдын 22-декабры № 3

 

Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Т.Исаевдин сунуштарынын жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана билим берүү тармагына кошкон зор салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги Колдошова Урматканга жана Базар-Коргон шаарынын ардагер мугалими Муктарканова Мукарамга Базар-Коргон шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын у.м.а.

 

А.Сулайманова