Редакцияот 22.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын

кезексиз XXVI-сессиясы

 

2023-жылдын 22-декабры № 5

 

Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу №3 “Ак-Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 29-беренесинин 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө“ мыйзамын, Базар-Коргон шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнугүү программасын аткарууга алып, 21.12.2023-жылкы чыгыш №01-17/494 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар, жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХVI-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарынын Совет айылындагы №3 “Ак-Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 1(бир) кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.

2. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча жаңы тайпа ачылгандыгына байланыштуу тамак-аш, көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаар мэриясына жүктөлсүн.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын у.м.а.

 

 А.Сулайманова