БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 2
Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, 23.11.2023-жылкы чыгыш №01-17/1268 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчисинин берген билдирүүсүнүн негизинде 2023-жылдын 22-ноябрына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй отургузулсун.
Максаттуу трансфер +16754,4 миң сом акча каражаты төмөнкү разделдерге бөлүнсүн:
а) 70629 - разделдин 2511-статьясына +2450,0 миң сомго
б) 70629 - разделдин 3111-статьясына +2450,0 миң сомго
в) 70629 - разделдин 3112-статьясына +10554,4 миң сомго
г) 70111 - разделдин 3112-статьясына +1300,0 миң сомго
Жалпысы болуп +16754,4 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдердин элементтерине отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт,стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.К. Анарбеков |