БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 6
Базар-Коргон шаарынын К.Бегимкулов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жайларга жылуулук берүүчү отказанды оперативтүү башкарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 15.11.2023-жылкы чыгыш № 01-17/1220 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу К.Бегимкулов көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жайларга жылуулук берүүчү отказандын имараты жайгашкан 1400,0 чарчы метр жер тилкесин Жалал-Абад шаардык жылуулук ишканасына оперативтүү башкарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин жетекчиси Н.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.К. Анарбеков |