Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 7

 

Базар-Коргон шаарынын Токтогул көчөсүндөгү жер тилкесин муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун, 19-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын муниипалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин башчысы Н.Мамбеталиевдин 09.11.2023-жылкы чыгыш №01-4/23 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарынын Токтогул көчөсүндөгү “Нурейл Мухсин Ал-Утейбий” мечити жайгашкан 3-02-03-0005-1180 сандуу сыр белгисиндеги 300,0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчик реестрине кабыл алынсын.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.

 

                                                                                                

Төрага

 

К.К. Анарбеков