БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 9
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын балансындагы 3632,0 чарчы метр жер тилкесин жол куруу үчүн Базар-Коргон шаар мэриясынын муниципалдык менчик реестрине кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун, 19-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин 2-пунктун, 34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 22.11.2023-жылкы чыгыш №01-17/1259 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХIV-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон райондук мамлекеттик админстрациясынын балансындагы 3632,0 чарчы метр жер тилкеси жол куруу үчүн муниципалдык менчик реестрине кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.К. Анарбеков |