Редакцияот 08.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын

кезектеги XXV-сессиясы

 

2023-жылдын 8-декабры № 2

 

Базар-Коргон шаарында мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун жана 05.06.2023-жылкы чыгыш №01-17/501 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарында 2023-жылдын 1-январынан тартып Мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновго жана мэриянын киреше бөлүмүнүн башчысы Т.Мурзакановго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин. 

 

 

Төраганын у.м.а.

 

А.Сулайманова