Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025–жылдын 28-январы № 28/3

 

Сын-Таш айыл аймагындагы Совет айылында жайгашкан балдар бакчасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жана Сатыбалды Чырмашевдин өз ыктыяры менен Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө өз каалоосунун негизинде, Сын-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сатыбалды Чырмашевдин өз ыктыяры менен өткөрүп берүүсунө байланыштуу, Совет айылында жайгашкан балдар бакчасы Сын-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Сын-таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асанов кабыл-алуу – өткөрүп берүү процедураларын ишке ашырсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага:

 

Кучкачев М.Ш.