Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I чакырылышындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-апрель № 54
Ак-Терек үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратына А.Б.Кыйшыевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылынын тургундарынын 2025-жылдын 25-апрелиндеги жалпы жыйынынын протоколуна негизинде жана Белеков Адилет Акылбековичтин Ак-Терек айылындагы жаңы салынып бүткөн үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына Кыйшыев Акылбек Белековичтин ысымын берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Терек айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратына Кыйшыев Акылбек Белековичтин ысымы берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов