Загрузка документа…
Жаргылчак айыл аймагынын жергиликтүү кенеши
I-чакырылышындагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-апрель № 55
Ак-Терек айылындагы аты жок көчөгө Абдыкеев Исакундун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылынын аты жок көчөсүнө ысымын берүү максатында Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат;
1.Ак-Терек айылынын Рыскулов Бактыбектин үйүнөн түндүктөн түштүккө карай Бапа уулу Эрланбектин үйүнө чейинки көчөгө Абдыкеев Исакундун ысымы берилсин.
- 2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Токоевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов