Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 267-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-июну № 476-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 4-пунктта "21-апрелине" деген сөздөр "1-октябрына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Иманкулов Марат Муканович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Мамбеталиев Мирбек Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Зулпуев Саидбек Мейраждинович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча); |
Рустамбек уулу Советбек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ишеним" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча); |
Акаев Жанарбек Кубанычович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Альянс" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча); |
Бердиев Аккулу Тагаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча); |
Раимбачаева Винера Калыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан (макулдашуу боюнча); |
Марипов Бакытбек Асамидинович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Мекенчил" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча); |
Самаков Кубанычбек Карганбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Элдик" депутаттык тобунан (макулдашуу боюнча); |
Маткеримов Айбек Тураталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Социалдык саясат боюнча комитетинен (макулдашуу боюнча); |
Мураталиев Мелис Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы; |
Чынгышев Турсунбек Чынгышевич | - | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри; |
Матубраимов Алманбет Матубраимович | - | Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы; |
Арабаев Чолпонкул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мамлекет жана укук институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи; |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик; |
Тиленчиев Карагул Амантурович | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы хормейстери, Кыргыз Республикасынын эл артисти; |
Осмонов Медет Марифович | - | "Манас" президенттик камералык оркестринин көркөм жетекчиси, композитор, дирижер; |
Тентимишов Урмат Кожобекович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси; |
Үметалиева Чынар Темиркуловна | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, музыка таануучу, маданият таануунун доктору; |
Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти, музыкант; |
Саламатов Тимур Сагынбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка сынчысы, композитор; |
Осмоналиев Рахатбек Муталипович | - | А.Джумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру, Кыргыз Республикасынын эл артисти; |
Казаков Түгөлбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Музыка ишмерлер союзунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор; |
Эралиева Каныкей Иманалиевна | - | обончу-композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти; |
Алсаитова Динара Аалиевна | - | музыка таануучу, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыкалык-теориялык дисциплиналар кафедрасынын доценти; |
Мусаев Сыртбай Жолдошович | - | филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер; |
Тиллебаев Садык Алаханович | - | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу; |
Акматбекова Сагын | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны; |
Мамазаирова Меңди | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл акыны; |
Ажыканова Элмира Асанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; |
Акбаров Атантай | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. |