Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели № 35/5-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сын-Таш айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-жылдын 2024-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү маселесин карап жана талкуулап Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 12623,6 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 3787,1 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
| М.Кучкачев |