Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
Бишкек шаары, 2025-жылдын 12-июну № 470-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 470-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жогоруда аталган Протоколду ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекет ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган.
Протоколдун долбоорунун негизги максаты Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге төмөнкү мамилелерди ишке ашырууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат:
- Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) Коллегиясынын атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө чечимдерине "вето" укугун колдонууну регламенттөө;
- Комиссиянын Коллегиясы тарабынан териштирүү жүргүзүүчү органдын ар бир баяндамасын кароонун натыйжалары боюнча актыны кабыл алуу;
- коргоо чарасы жөнүндө чечимди кабыл алуу менен бир убакта Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) өндүрүүчүлөрү үчүн жүрүм-турум боюнча сунуштарын кабыл алуу;
- териштирүүлөрдү жүргүзүүдө тергөө жүргүзүүчү орган менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү;
- коргоо чараларын колдонуунун мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу кайра тергөө жүргүзүүдө атаандаштыкка коргоо чараларынын таасирин баалоо;
- аныкталган ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге карата гана Дүйнөлүк соода уюмунун ченемдерин сактоо менен демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында региондук тармак жөнүндө жоболорду жеткире иштеп чыгуу.
Протокол максималдуу ийкемдүүлүктү камсыз кылуу менен процесстин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алууга, тең салмактуу жана ыкчам чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө чечимдерди даярдоого карата мамилелерди өркүндөтүүгө багытталган.
ЕАЭБдин өндүрүүчүлөрү ЕАЭБге мүчө мамлекет тарабынан коргоо чарасына карата "вето" укугун колдонгон учурда кайчы пикирлерди жөнгө салуунун кыйла ачык жол-жобосуна ээ болот. Тактап айтканда компромисстик чечимди издөөдө кыйла ыкчам иштер уюштурулат, бул коргоо чарасы күчүнө кирген учурга чейин терс кесепеттерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Зарыл болгон учурда ЕАЭБдин Соту тартылып, анын тыянактары чараны колдонуу боюнча жыйынтыктоочу чечимде эске алынат.
Ошондой эле айрым ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында (обочолонгон рынок) керектөөлөр үчүн арналган товарларга гана чара киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү администрациялоо жол-жобосу иштелип чыккан, бул ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттерин бизнес чөйрөсү үчүн терс кесепеттерин келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтөт.
Протоколго кол коюлганга чейин ал Комиссиясынын Кеңешинин 2024-жылдын 29-майындагы № 14 тескемеси менен жактырылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети (2024-жылдын 8-октябрындагы № 6-9629/24), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (2024-жылдын 10-сентябрындагы № 6-8578/24) менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 721-т тескемеси менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Жогоруда баяндалгандар менен бирге Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбей тургандыгын билдиребиз.
Макулдашууну ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.