Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

3-сессия

 

2025-жылдын 5-февралы № 8/III-29

 

 Кант шаардык мэриясынын мекеме-уюмдарынын 2025-жылга штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө

 

 

2025-жылга шаардык кеңештин, Кант шаарынын мэриясынын, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын мекеме-уюмдарынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө Кант шаардык мэриясынын 31.01.2025-жылдагы № 2/1 катын карап чыгып жана талкуулап

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык бекитилсин:

- Кант шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык тизими № 1;

- Кант шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык тизими № 2;

- Борборлоштурулган бухгалтериянын штаттык тизими №3;

- «Кант-Тазалык» муниципалдык мекемесинин штаттык тизими №4, №5;

- ТЖКЧнын аппаратынын штаттык тизими №6;

- Шаардык маданият үйүнүн штаттык тизими №7;

- А.Тойтоев атындагы маданият сарайынын штатттык тизими №8;

- Жатакананын штаттык тизими № 9;

- Китепкананын штаттык тизими №10;

- «Тюлпан» ББЛнин штаттык тизими №11;

- «Көрүстөндөрдүн кароолчуларынын» штаттык тизими №12.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

 

 

Председатель

 

М.Бейшебаев