Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ
2025-жылдын 31-июлу № 178
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИП КОДЕКСИ
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. САНАРИП ЧӨЙРӨСҮНДӨ УКУКТУК ЖӨНГӨ САЛУУНУН НЕГИЗДЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Кодексте камтылган негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) автоматтык чечим - санарип дайындарынын негизинде санарип дайындарын иштеп чыгуунун натыйжалары адамдын катышуусуз укуктук мамилелердин пайда болуусу, өзгөрүүсү же токтотулушу үчүн түзүлгөндөй жана пайдаланылгандай кабыл алынган чечим;
2) санарип документинин автору - санарип кол тамгасы же идентификатору санарип документине тиешелүү болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
3) ырастоочу борборду аккредитациялоо - Улуттук санарип экотутумунун (мындан ары - Улуттук экотутум) тармактык жөнгө салуучусу тарабынан ырастоочу борбордун ушул Кодексте жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга шайкеш келүүсүн таануу;
4) көрсөтүү-уктуруу сервистери - теле-, радиоканалдарды жайылтуу, анын ичинде теле-, радиоканалдарды көрсөтүү-уктуруу мультиплекстерине пакеттөө үчүн гана багытталган телекоммуникациялык сервистер;
5) виртуалдык оператор - телекоммуникациялык сервисти берүү үчүн Кыргыз Республикасынын санарип номерлештирүү ресурсун же санарип радио жыштык ресурсун пайдаланган, бирок Кыргыз Республикасында телекоммуникациялык тарамдардын ээси болуп саналбаган аны берүүчү;
6) жеке жазмалардын ээси - жеке дайындарды иштеп чыгуу максаттарын жана ыкмаларын өз алдынча же башка жактар менен биргеликте аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
7) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификат ээси - ушул Кодексте белгиленген тартипте ырастоочу борбор тарабынан санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты берилген санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
8) санарип ресурсунун ээси - ушундай санарип ресурсун өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде санарип ресурсуна жетүүгө уруксат берүү же чектөө укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
9) санариптик технологиялык тутумдун ээси - ушундай тутумду өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же болбосо ченемдик укуктук актыга же келишимге ылайык аны эксплуатациялоо укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
10) санарип экотутумунун ээси - санарип экотутумунун эрежелерин өз алдынча же башка жактар менен биргеликте аныктоочу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
11) санарип жазмаларынын ээси - санарип жазмаларын өз алдынча же башка жактар менен биргеликте түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде ушундай жазмаларга жетүүгө уруксат берүү же чектөө укугун алган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
12) жогорку жыштыктагы түзүлмө - радионурландыруу аркылуу объекттерге физикалык таасир этүүгө арналган түзүлмө;
13) мамлекеттик санарип сервиси (мындан ары - мамсервис) - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин, милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн пайдаланылуучу санарип сервиси;
14) мамлекеттик (муниципалдык) санарип ресурсу - мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамсервистерди берүү максатында түзүлгөн санарип ресурсу;
15) дипфейк - бар адамдар, объекттер, кубулуштар же окуялар менен олуттуу окшоштуктарды көрсөтүүчү жана жеке адамдарда мындай сүрөттөлүштөрдүн же материалдардын аныктыгы жөнүндө жалган таасир калтырууга жөндөмдүү сүрөттөлүштөрдү же аудио-, видеоматериалдарды түзүү же өзгөртүү;
16) ишенимдүү үчүнчү тарап - чет мамлекеттин укук ченемдерине ылайык түзүлгөн санарип кол тамгаларынын жана ушул Кодекске ылайык түзүлгөн санарип кол тамгаларынын аныктыгын биргеликте таанууну камсыз кылуучу жак;
17) ишенимдүү санарип сервиси - санарип чөйрөсүндө мамилелердин пайда болуусун, өзгөрүүсүн же токтотулушун ырастоого багытталган санарип сервиси;
18) идентификатор - ушундай маалыматты камтыган санарип жазмаларын өз ара жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти менен байланыштырууга мүмкүндүк берүүчү кандай болбосун маалымат, анын ичинде код, шифр, номер же дарек;
19) иденттүүлүк - укуктук мамилелер учурунда субъекттин өзүнө өзү окшоштугу;
20) маалымат - санарип дайындарынын, санарип жазмаларынын адамдын кабыл алуусу үчүн түздөн-түз жеткиликтүү болгон мазмуну (контенти);
21) жеке мүнөздөгү маалымат - ушул маалыматтын негизинде же болбосо жазмалардын ээсинин ага жетүү же аны алуу мүмкүнчүлүгү бар башка маалымат менен жыйындысында ушул маалыматтын негизинде идентификацияланышы мүмкүн болгон жеке жак жөнүндө (анын аныктыгына карабастан) маалымат;
22) инфратүзүм - жерлер (жер тилкелери), имараттар, курулуштар, курулмалар жана башка ушул сыяктуу объекттер;
23) санарип чөйрөсүндөгү инцидент - санарип жазмаларынын толук эместигине, анык эместигине, актуалдуу эместигине же санарип сервистеринин же санариптик технологиялык тутумдардын жеткиликтүү эместигине же ишинин бузулушуна алып келүүчү окуя же иш-аракет;
24) кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (квалификацияланган сертификат) - аккредиттелген ырастоочу борбор же аккредиттелген ырастоочу борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо түпкү ырастоочу борбордун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруучу тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты;
25) ачкыч - идентификатор тийиштүү жакта бар болгон жана мындай жакты ал пайдаланган идентификатор менен бир мааниде байланыштыруучу кандай болбосун маалымат (код, шифр);
26) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычы - санарип кол тамга ачкычы менен бир мааниде байланышкан жана санарип кол тамгасынын аныктыгын текшерүүгө арналган символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
27) санарип кол тамга ачкычы - санарип кол тамгасын түзүүгө арналган, символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
28) радио жыштыктарды конверсиялоо - Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасында белгиленген радио жыштык тилкелерин же алардын бөлүктөрүн төмөнкүдөй көчүрүү процесси:
а) өкмөттүк пайдалануу категориясынан жарандык же биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу категориясына;
б) биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануу категориясынан жарандык пайдалануу категориясына;
29) дайындарды конструктивдүү коргоо - пайдалануучулардын кызыкчылыктарына багытталган жана санарип жазмаларынын тутумунда иштелип чыгуучу жана анын жардамы менен берилүүчү санарип сервистеринин иштөө түрмөгүн эске алуучу технологиялык тутумдардын конструкциясынын негизинде дайындарды коргоо;
30) байланыш маалыматы - санарип чөйрөсүндө ал тийиштүү болгон жак менен байланышууга арналган идентификатор;
31) координациялоочу орган - Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
32) метадайындар - санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин кандай болбосун санарип объекттерин аларды идентификациялоо, издөө жана башкаруу үчүн мүнөздөөчү түзүмдөштүрүлгөн санарип дайындары;
33) мобилдик түзүлмө - эл аралык идентификациялык коду (IMEI) бар санарип түзүлмөсү;
34) улуттук экотутум - Кыргыз Республикасы ээси болуп саналган улуттук (жалпы мамлекеттик) санарип экотутуму;
35) иштеп чыгуу - санарип дайындары (санарип жазмалары) менен жасалуучу кандай болбосун иш-аракет (операция) же иш-аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жыйноо, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, карап чыгуу, пайдалануу, берүү аркылуу ачыкка чыгаруу, таратуу, алмашуу же жеткиликтүүлүк берүүнүн башка түрү, салыштыруу же аралаштыруу, кыскартуу, алып салуу же жок кылуу;
36) иштеп чыгуучу - башка субъекттер келишимдин же укуктук актынын негизинде санарип жазмаларын иштеп чыгууну, санариптик технологиялык тутумдарды эксплуатациялоону же санарип сервистерин берүүнү жүзөгө ашырууну, ага тете санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууну тапшырган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
37) жалпыга жеткиликтүү санариптик технологиялык тутум - мыйзамга, келишимге же ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген санариптик технологиялык тутум;
38) жалпыга жеткиликтүү санарип жазмалары - мыйзамга, келишимге же ээсинин чечимине ылайык жеткиликтүүлүк чектелбеген, анын ичинде ачык дайындарды камтыган санарип жазмалары;
39) ачык дайындар - аларды кайрадан пайдаланууга чектөөлөрсүз машинада окулуучу форматта жеткиликтүү болгон санарип дайындары;
40) тармактык жөнгө салуучу - иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери үчүн милдеттүү текшерүүлөрдү жүргүзүүнү жана чечимдерди кабыл алууну, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда уруксаттарды (лицензияларды) берүүнү дагы жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
41) корголуучу байлыктар - адамдардын өмүрү жана саламаттыгы, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери, айлана-чөйрө, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү, мамлекеттин улуттук коопсуздугу, коомдук тартип жана адеп-ахлактуулук;
42) жеке дайындар - жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган санарип дайындары;
43) жеке жазмалар - жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган санарип жазмалары;
44) жеке ресурстар - жеке жазмалардан турган санарип ресурстары;
45) пайдалануучу - санарип жазмаларына, санарип ресурстарына, санарип сервистерине же технологиялык тутумдарга жеткиликтүүлүктү сурап алуучу же жүзөгө ашыруучу санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
46) санарип сервисин берүүчү - пайдалануучуларга санарип сервисин өз алдынча же башка жактар менен биргеликте берүүчү санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
47) керектөөчү - санариптик технологиялык тутумду же санарип сервисин киреше алуу менен байланышпаган жеке максаттарда пайдалануучу жеке жак;
48) Кыргыз Республикасынын өкмөттүк байланыш тарамы (өкмөттүк тарам) - мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укуктук тартипти сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматты пайдалануу менен ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаты бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын (ишканаларынын), анын ичинде анын чегинен тышкары жайгашкан мекемелеринин ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалыматтарды алмашууга, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү мамлекеттик органдар менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жашыруун маалымат алмашууга арналган атайын интеграцияланган жашыруун телекоммуникациялык тарам;
49) колдонулуучу мыйзамдар - санарип чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын катышуусундагы же болбосо башка чет өлкөлүк элементи менен татаалдаштырылган укуктук мамилелерге карата колдонулууга тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, таанылган эл аралык салттарга ылайык, ошондой эле тараптардын макулдашуусунун негизинде аныкталган мыйзамдар;
50) дайындардын (жазмалардын) принципалы - санарип дайындары же жазмалары (башкача айтканда ал жөнүндө маалыматты камтыган) тиешелүү болгон санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти;
51) мейкиндиктик дайындар - мейкиндиктик объекттер жөнүндө, анын ичинде алардын таризи, жайгашкан жери жана касиеттери тууралуу маалыматты камтыган дайындар;
52) мейкиндиктик метадайындар - мейкиндиктик дайындарды идентификациялоо жана издөө үчүн зарыл болгон, алардын мазмунун жана башка мүнөздөмөлөрүн сыпаттоого мүмкүндүк берген дайындар;
53) мейкиндиктик объекттер - жайгашкан жери аныкталышы мүмкүн болгон жаратылыш объекттери, жасалма жана башка объекттер (анын ичинде имараттар, курулмалар);
54) коомдук милдеттенмелер - тармактык жөнгө салуучунун же аткаруу бийлигинин башка ыйгарым укуктуу органынын чечими менен жүктөлгөн, белгилүү иш-аракеттерди жасоо же радио жыштык спектрин пайдалануу менен байланышкан белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу милдеттенмеси;
55) радио кызматы - радио жыштык спектрин белгилүү бир максаттар үчүн пайдалануу;
56) Кыргыз Республикасынын радио жыштык спектри - Эл аралык электр байланыш бирлиги тарабынан белгиленген чектерде жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиоэлектрондук каражаттардын же жогорку жыштыктагы түзүлмөлөрдүн иштеши үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон, радио жыштыктардын иреттелген жыйындысы болгон мамлекеттик чектелген ресурс;
57) радиоэлектрондук каражаттар - радио толкундардын жардамы аркылуу дайындарды берүүгө жана/же кабыл алууга, телеметрияга, радиолокацияга, индукциялык типтеги коммуникацияларга, ар түрдүү көрсөткүчтөрдү өлчөөгө арналган түзүлмө;
58) бөлүштүрүлгөн санарип ресурсу - санарип жазмаларын түзүү жана иштеп чыгуу жалпы эрежелер боюнча, атап айтканда колдонулуучу санариптик технологиялык тутумдар үчүн дайындарды иштеп чыгуунун жалпы протоколдоруна ылайык мейкиндикте бөлүштүрүлгөн жана ушундай ресурстун ар түрдүү ээлерине таандык болгон эки же андан көп техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу санарип ресурсу;
59) тобокелдик (санарип чөйрөсүндө) - санарип чөйрөсүндөгү инциденттердин ыктымалдуулугунун жана кесепеттеринин айкалышы;
60) сайт - интернетте домендик аталышты же даректи колдонуу менен аныкталуучу санарип ресурсу;
61) санариптик бакубаттуулук сервиси - жеке адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө санарип дайындарын иштеп чыгуунун негизинде анын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган сервис;
62) санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаты - ырастоочу борбор тарабынан берилген жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсине санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын таандык экендигин тастыктаган санарип документи же кагаз жүзүндөгү документ;
63) жасалма интеллект тутуму - санарип дайындарынын жана адам тарабынан берилген максаттардын жыйындысынын негизинде автономдуулуктун белгилүү бир деңгээлинде божомолдорду, сунуштамаларды тариздөөгө же тышкы чөйрөдөгү субъекттердин же объекттердин абалына таасир этүүчү чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү санариптик технологиялык тутум;
64) жогорку кооптуулуктагы жасалма интеллект тутуму - аны пайдалануу корголуучу байлыктарга зыян келтирүү ыктымалдыгын арттырган жасалма интеллект тутуму;
65) смарт-контракт - санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосундагы бүтүмдүн тараптары караштырган санарип дайындары келип түшкөндө тараптардын катышуусуна карабастан аткарылуучу бүтүмдүн шарттарынын баары же бир бөлүгү алар түрүндө баяндалган санарип жазмаларынын жыйындысы, анын ичинде санарип түзүлмөлөрү үчүн программа;
66) жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөрдүн менчик ээси - жеке дайындар таризинде эмес берилген, жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган материалдык алып жүрүүчүлөр анын менчигинде турган жак;
67) ырастоочу борбордун каражаттары - санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү, сактоо жана берүү иш-милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарынын реестрин жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу программалык жана (же) аппараттык каражаттар;
68) санарип кол тамга каражаттары - төмөнкүдөй иш-милдеттердин жок дегенде бирин: санарип кол тамгасын түзүүнү, санарип кол тамгасын текшерүүнү, санарип кол тамга ачкычтарын жана санарип кол тамгасын текшерүү ачкычтарын түзүүнү ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу шифрлөөчү (криптографикалык) каражаттар;
69) жеке дайындардын субъекти - жеке дайындардын принципалы болуп саналган жеке жак;
70) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекти - Кыргыз Республикасы, башка мамлекеттер, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тиешелүү болгон, ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучусу. Ушул Кодексте белгиленген эрежелер, эгерде ушул Кодексте же мыйзамда башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин катышуусундагы мамилелерге карата колдонулат;
71) телекоммуникациялар - телекоммуникациялык сервис, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү жолу аркылуу башка пайдалануучулар менен санарип дайындарын алмашуу, ошондой эле телекоммуникациялык сервис аркылуу башка пайдалануучуларга үн менен кошулуу;
72) телекоммуникациялык тарам - телекоммуникациялык сервисти берүүгө арналган санариптик технологиялык тутум;
73) телекоммуникациялык курулма - телекоммуникациялык тарамдарды жана (же) алардын элементтерин (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен, базалык станцияларды, антенналык-мачталык курулмаларды, антенналык-фидердик түзүлмөлөрдү, линиялык-кабелдик курулмаларды) жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ыңгайлаштырылган, капиталдык курулуш объекти болуп саналбаган телекоммуникациялардын операторунун инфратүзүмү;
74) телекоммуникациялык сервис - башка пайдалануучулар менен санарип дайындарын алмашуу максатында, анын ичинде башка пайдалануучулар тарабынан жүктөлгөн же түзүлгөн санарип дайындарына жетүү аркылуу пайдалануучуларга жеткиликтүү болгон санариптик технологиялык тутумдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле телекоммуникациялык тарам боюнча үн менен кошулуу мүмкүнчүлүктөрү;
75) жеке дайындарды чек ара аралык берүү - жеке дайындарды башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жазмалардын ээлерине берүү;
76) ырастоочу борбор - санарип кол тамгасын текшерүү ачкычынын сертификаттарын түзүү жана берүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;
77) санариптик бакубаттуулук түзүлмөсү - санариптик бакубаттуулук сервистеринин алкагында пайдаланылуучу санариптик технологиялык тутумдар жана алардын элементтери;
78) жеке дайындардын чыгып кетүүсү - анын натыйжасында жеке дайындар аларга жетүүсү үчүн мыйзамдуу негиздер болбогон жактар үчүн жеткиликтүү болуп калуучу, жеке дайындарды укук ченемсиз иштеп чыгуунун бир түрү;
79) санариптик аутентификациялоо - ачкычты пайдалануу менен идентификатор жана идентификатор тийиштүү болгон жактын ортосундагы байланышты тастыктоо;
80) санарип жазмасы - метадайындарды пайдалануу менен идентификацияланышы мүмкүн болгон санарип дайындары;
81) санариптик идентификациялоо - дайындардын принципалы менен мындай санарип жазмаларынын ортосундагы байланышты белгилөө максатында санарип жазмасын издөө;
82) санарип кол тамгасы - санарип таризиндеги башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана санарип документинин өзгөрүлбөстүгүн камсыз кылуу жана санарип документинин авторун аныктоо үчүн пайдаланылган санарип таризиндеги маалымат;
83) санарип чөйрөсү - санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен санарип дайындарын иштеп чыгуу боюнча аймактык чек арасы болбогон коомдук мамилелердин тутуму;
84) санариптик технологиялык тутум - санарип дайындарын иштеп чыгууга арналган санарип түзүлмөлөрүнүн, алар үчүн программалардын жана дайындар базаларынын тутуму;
85) санариптик туруктуулук - киберкоопсуздук боюнча чараларды ишке ашыруунун, ошондой эле тобокелдиктерди жана ресурстарды натыйжалуу башкаруунун эсебинен камсыз кылынуучу, санарип сервистерин берүүнүн жана аларды пайдалануунун үзгүлтүксүздүгү менен мүнөздөлүүчү санарип чөйрөсүнүн абалы;
86) санарип экотутуму - санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин бирдиктүү эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу, жалпыга жеткиликтүү санариптик технологиялык тутумдардын, санарип ресурстарынын, санарип сервистеринин жыйындысы;
87) санарип тиркемеси (тиркеме) - санарип дайындарына жетүү үчүн пайдаланылуучу, электрондук эсептөө машиналары жана башка санарип түзүлмөлөрү үчүн программаны билдирген санарип ресурсу;
88) санарип коомдоштугу - анын юридикалык жак статусунун болгонуна карабастан, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерин өнүктүрүү жана (же) пайдалануу боюнча анын катышуучуларынын милдеттерин ишке ашыруу үчүн алардын жеке демилгеси боюнча жана өз ыктыярдуулук башталышта алар тарабынан түзүлгөн санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин бирикмеси;
89) санарип түзүлмөсү - санарип дайындарын иштеп чыгууга арналган техникалык түзүлмө, анын ичинде электрондук эсептөө машинасы (ЭЭМ);
90) санариптик - зарыл белгиси болуп санарип дайындарын (көпчүлүк учурларда - экилик код аркылуу берилген дайындарды) пайдалануу саналган кандай болбосун кубулушту мүнөздөөчү термин;
91) санарип архиви - анын жардамы менен иштелип чыгуучу санарип жазмаларынын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, аларга жетүү мүмкүндүгүнүн чектелүүсүн камсыз кылуучу санариптик технологиялык тутум;
92) санарип документи - өзгөрүлбөстүгү идентификациялоо тутумунун эрежелерине ылайык пайдаланылуучу санарип кол тамгасынын же идентификатордун жардамы менен камсыз кылынуучу санарип жазмасы;
93) документтин санарип жуп нускасы - өз колу менен кол коюлган кагаз же башка материалдык алып жүрүүчүдөгү документтин түп нускасында алгач камтылган маалыматты, анын ичинде маалым даректерин толук көлөмдө кайталаган санарип жазмасы;
94) санарип реестри - ушул Кодексте саналып өткөн эсепке алуу объекттерин пайдалануу укуктарынын таандыктыгын тастыктоочу жазмалардан турган санарип ресурсу;
95) санарип ресурсу - санарип жазмаларын жана (же) санарип дайындарын сактоого жана пайдаланууга жана аларга жетүүгө арналган санарип жазмаларынын иреттелген жыйындысы, анын ичинде дайындар базасы;
96) санарип сервиси - санариптик технологиялык тутумду санарип дайындарын түзүү, берүү, сактоо же аларга жетүү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
97) уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун санарип сервиси - Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана ташып келинген уюлдук түзүлмөлөрдү идентификациялоонун жана идентификациялык кодунун аныктыгын текшерүүнүн санарип сервиси;
98) санарип дайындары - аларды сактоонун жана берүүнүн таризине жана ыкмасына карабастан санарип түзүлмөлөрүн пайдалануу менен иштеп чыгуу үчүн жарактуу дайындар;
99) санарип укуктары - өзүнө санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине жетүү укугун жана ага жетүүнүн шарттарын белгилөө укугун камтыган санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объектине укуктар;
100) шлюз - дайындарды берүү жана үн менен кошулууларды өткөрүү боюнча телекоммуникациялык сервистердин ортосунда дайындарды берүүнү камсыз кылуучу санарип түзүлмөсү;
101) Телекоммуникациялардын улуттук оператору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) токтомунда аныкталган, 80 пайыздан кем эмес мамлекеттин катышуу үлүшү бар юридикалык жак.
2-берене. Санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин негиздери
1. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери сактоого милдеттүү болгон эрежелерди бекитет.
2. Ушул Кодекстин жөнгө салуу предмети болуп төмөнкүдөй деңгээлдердеги санарип чөйрөсү саналат:
1) санарип дайындарын иштеп чыгуу, санарип жазмаларын, анын ичинде санарип документтери жана санарип ресурстары түрүндө түзүү жана пайдалануу менен байланышкан мамилелер;
2) санарип сервистерин түзүү жана пайдалануу, санарип экотутумдарын куруу жана аларга катышуу менен байланышкан мамилелер;
3) санариптик технологиялык тутумдарды, анын ичинде дайындарды иштеп чыгуу борборлорун жана телекоммуникациялык тарамдарды түзүү менен байланышкан мамилелер;
4) санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин инфратүзүмгө (жерлерге, имараттарга, курулуштарга, курулмаларга жана башка ушуга окшош объекттерге) жетүүсүнө тийиштүү мамилелер.
3. Маалыматтын айрым түрлөрүн таратуу же анын мазмунуна жараша ага жетүү боюнча мамилелер маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат жана ушул Кодекстин жөнгө салуу предметине кирбейт.
4. Контрчалгындоо жана чалгындоо ишинин, ошондой эле изин суутпай издөө ишинин алкагында кейип чыгуучу мамилелер тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат жана ушул Кодекстин жөнгө салуу предметине кирбейт.
5. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуунун алкагында ушул Кодекс төмөнкүдөй жол берилүүчү учурлардын өзгөчө тизмегин карайт:
1) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине жеткиликтүүлүктү чектөө;
2) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттерине басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү мажбурлап белгилөө.
3-берене. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу принциптери
1. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу жалпы укуктук, уюштуруучулук жана тармактык принциптерге негизденген.
2. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу үчүн колдонулуучу жалпы укуктук принциптерге төмөнкүлөр кирет:
1) жөнгө салуунун адилеттүүлүгү жана өлчөмдөштүгү, санарип технологияларынын жалгыз акыркы пайдалануучусу катары адамдын кызыкчылыктарынын артыкчылыгы (адилеттүүлүк принциби);
2) укуктук жөнгө салуунун жеткиликтүүлүгү, түшүнүктүүлүгү жана алдын апа белгилүүлүгү (аныктык принциби);
3) эрежелер аларга түздөн-түз же өкүлдөрү аркылуу жайылтылган бардык жактардын санарип чөйрөсү үчүн эрежелерди иштеп чыгууга катышуусу (катышуу принциби).
3. Санарип чөйрөсүн жөнгө салуу аларды ишке ашырууга багытталган уюштуруучулук принциптерге төмөнкүлөр кирет:
1) эгерде кандай болбосун маалымат технологияларын пайдаланууда ушул Кодексте белгиленген талаптар аткарылса, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттеринин аларды өз тандоосу боюнча пайдалануу мүмкүнчүлүгү (технологиялык нейтралдуулук принциби);
2) ушул Кодекстин ченемдерин санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин бардык субъекттерине карата алар иштеп чыгуучу санарип дайындарынын сапатына, талап кылынышына жана башка мазмундук мүнөздөмөлөрүнө карабастан кандайдыр бир басмырлоосуз колдонуу (контенттик нейтралдуулук принциби);
3) ушул Кодексте аныкталуучу эрежелердин жана укуктук мамилелердин узак убакыттык туруктуулугу, сервистердин жана процесстердин үзгүлтүксүздүгү, тынымсыздыгы, санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин объекттеринин жана субъекттеринин корголгондугу (туруктуулук принциби);
4) санарип рынокторунда атаандаштыкты колдоо, ар кандай санарип сервистерин берүүчүлөрдүн жана ар кандай санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин ортосунда аларды көчүрүү мүмкүнчүлүгү менен дайындардын жана жазмалардын форматтарынын ачыктыгы жана шайкештиги, санарип дайындарынын жеткиликтүүлүгү жана алардын негизинде, анын ичинде аларды кайра пайдаланууда чечимдерди кабыл алуу (ачыктык принциби);
5) технологиянын бүткүл иштөө түрмөгүнүн аралыгында укуктук мамилелердин субъекттеринин милдеттерди аткаргандыгын, анын ичинде алардын санарип чөйрөсүндөгү бузууларды четтеткендигин жана (же) укуктарды сактагандыгын тастыктаган, зарыл болгон санарип дайындарын сактоо (отчеттуулук принциби).
4. Айрым чөйрөлөрдө мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин түзүүчү тармактык принциптер ушул Кодекстин тиешелүү главаларында бекитилген.
4-берене. Санарип кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар
1. Ушул Кодекс санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууда артыкчылыкка ээ. Башка мыйзамдардын жана аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу эрежелерин аныктоочу ченемдери ушул Кодекстин жоболоруна карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ушул Кодекстин жана башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда, ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген коллизияларды чечүү жөнүндө эрежелерди эске алуу менен ушул Кодекстин ченемдери иштейт жана колдонулат.
2. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар ушул Кодексте түздөн-түз белгиленген учурларда гана колдонулушу мүмкүн.
3. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору ушул Кодексте белгиленген бардык деңгээлдерде санарип чөйрөсүнүн бирдиктүүлүгүн жана санарип чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу принциптерине шайкештикти камсыз кылуу максатында координациялоочу орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жылына бир жолудан көп эмес жол берилет.
5-берене. Санарип кодекси жана санарип коомдоштуктарынын эрежелери
1. Санарип коомдоштуктары санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан алардын демилгеси боюнча жана ыктыярдуу башталышта түзүлөт. Санарип коомдоштуктары мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай болбосун уюштуруу таризине жана башкаруу тартибине ээ болушу мүмкүн. Санарип коомдоштуктарынын катышуучусу болуп саналган укуктук мамилелердин субъекттери мындай коомдоштуктардын эрежелерин өз алдынча аныктайт. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар алар катышкан санарип коомдоштуктарынын эрежелерин аныктоодо Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Кодексти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Санарип коомдоштуктарынын эрежелерин колдонууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана аны сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6-берене. Жалпы таанылган эл аралык тажрыйба
1. Эл аралык уюмдар, чет өлкөлөрдүн эксперттик коомдоштуктары тарабынан жарыяланган жана санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тарабынан жигердүү колдонулуучу стандарттардын жоболору жана сунуштамалар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны түзөт.
2. Ушул Кодексте каралган учурларда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери санарип чөйрөсүндө өз укуктарын жүзөгө ашыруунун жана милдеттерин аткаруунун технологияларын же ыкмаларын тандоодо ушул Кодексте каралган тиешелүү чөйрөдөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алат. Тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилген жалпы таанылган эл аралык тажрыйба жок учурда санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери Кыргыз Республикасынын бекитилген стандарттарына жана ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген жалпы таанылган эл аралык тажрыйбаны эске алууга укуктуу.
3. Санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери тандап алынган технологиялар жалпы таанылган эл аралык тажрыйбага же жалпы таанылган эл аралык тажрыйбанын талаптарына эквиваленттүү болгон же андан жогору турган талаптарга ылайыктуулугун шайкештик декларациясын жарыялоо аркылуу берүүгө тийиш.