Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №4
«Жалал-Абад шаарынын шайлоо участкаларынын
чек араларын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 38 шайлоо участкаларынын чек араларын тактап, бекитип берүү жөнүндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан 38 шайлоо участкаларынын чектери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына такталган шайлоо участкаларынын чектерини Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмоновага) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |