Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №5
«Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган турак-жай эмес имараттардын ижара акысын бекитүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4023 сандуу катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттардын кеңешинин кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 14.04.2015-жылдагы VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясынын №12-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган турак-жай эмес имараттардын ижара акысын аныктоо тартиби №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизиминин негизинде түзүлүп жана иштеп жаткан долбоорлорго бул тарифтер жайылтылбайт.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кенешинин
«07» июль 2025-жылдагы
кезексиз X-сессиясынын
№5-токтомуна №1-тиркеме
Турак жай эмес имараттардын жана бɵлмɵлɵрдүн бир айлык ижара акысын аныктоочу формула.
Эсептɵɵ тɵмɵнкү формула менен аныкталат:
Бт*К1*К2*К3*S=Т ар.
Бт-базалык чен (ставка) шаар боюнча 30 сомго барабар
К1-имараттын же бɵлмɵнүн орун алуу коэфициенти.
К2-имараттын же бɵлмɵнүн тармактык пайдалануу коэфициэнти.
К3-имараттын же ɵлмɵнүн абалына карап пайдалануучу коэфициент.
S-имараттын же бɵлмɵнүн аянты.
Т ар.-турак жайга кирбеген имарат же бɵлмɵ үчүн ижара акы.
К1-
а) бɵлɵк жайгашкан имарат 1,5
б) имараттын ичиндеги жай 1,3
в) кошумча курулган жай 0,8
г) жер тɵлɵɵ (подвал) 0,5
К2-
а) Сүрɵтчүлɵрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин ɵнɵрканалары, спорттук кызмат кɵрсɵтүү жайлары 1,2
б) Нан азыктарын, азык-түлүк товарларын, сүт азыктарын, кондитердик азыктарды, ичимдиктерди сатуу учун пайдалануучу аянттар, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак аш ишканалары, ɵндүрүштүк тармакта пйдалануучу имраттар же бɵлмɵлɵр 1,2
в) Даары дармектерди сатуу жайлары, медициналык кызмат кɵрсɵтүү жайлары, офис үчүн имарат же бɵлмɵлɵр, финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар, автомобилдерди, техникаларды эсептɵɵ жана башка жабдууларды ондоо жана техникалык тейлɵɵ. Материалдарды ксеро-кɵчүрмɵлүк иштетүү үчүн пйдалануучу имараттар же бɵлмɵлɵр 1,5
г) а,б,в-пунктарына кирбеген башка жайлар үчүн 1,8
К3-
а) Капиталдык ремонтту талап кылат 0,6
б) Женил ремонтту талап кылат 1,2
в) Ремонт талап кылбайт 1,8
Жардамчы, кошумча бɵлмɵлɵр үчүн (коридор, чыгып- түшүүчү тепкичтер, санузилдер) жогорудагы формула менен эсептелип, чыккан сумманын 50 пайызын түзɵт.
Мисал: 120м2 түзгɵн тери-венерологиялык оорулууларды кабыл алуу жайы.
30*1,5*1,5*1,2*120=9720 сом
Ушул имараттын ичиндеги кошумча, жардамчы бɵлмɵлɵрдүн аянты (коридор) 18м2 түзɵт.
30*1,5*1,5*1,2*18*0,5=729сом
Жыйынтыгында бир айлык ижара акынын жалпы суммасы 9720+729=10449 сомду түзɵт
Жооптуу катчы Осмонова Г.О.