Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №6
«Жалал-Абад шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган турак-жай эмес имараттардын ижара акысын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3514 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 02.06.2025-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин VI-чакырылышынын 05.03.2015-жылдагы кезектеги XXI-сессиясынын №7-токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикте турган мамлекеттик номуру (мурдагы 2997 DA) 3003 DA «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү нөөмөттүк автоунааны кызматтык муктаждыкка байланыштуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасына оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы мүлктү сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |