Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №7
«Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан берилген автоунааны кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Респубдликасынын “мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3645 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан берилген “Нива” үлгүсүндөгү ВАЗ 321214 мамлекеттик номуру 2871 DA автоунааны Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктү кабыл алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |