Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

3-сессия

 

2025-жылдын 5-февралы № 13/III-29

 

 Люксембург айылындагы №174-контурда жайгашкан медициналык борборду (ФАП) Кант шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кант шаардык кеңешинин кошмо отурумунун туруктуу комиссияларынын чечимин, ошондой эле Кант шаардык мэриясынын Люксембург айылындагы № 174-контурда жайгашкан медициналык борборду (ФАП) Кант шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү 11.12.2024-жылдагы № 03-1/3068-катын кароо менен

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айылындагы идентификациялык коду 7-04-13-0002-007-1598 болгон №174-контурда жайгашкан медициналык борбор (ФАП) Кант шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Кант шаарынын мэриясы:

- Идентификациялык коду 7-04-13-0002-007-1598 болгон № 174-контурда жайгашкан медициналык борборду (ФАП) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин балансынан Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди тариздөө иштерин жүргүзсүн;

- Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик объекттеринин жана мүлкүнүн реестрине киргизсин.

3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияна (Шакиров Б.А.) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.Бейшебаев