Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №8
« Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын
22.04.2025-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын №7-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3813 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 02.06.2025-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын 22.04.2025-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын №7-токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Ю.Абдурахманов көчөсүнүн №10б дарегинде жайгашкан жалпы аянты «40 348,6 чарчы метр» деген сөздөр «39 333,6 чарчы метр» деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
2. Жер тилкелерин өткөрүп берүүдө максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |