Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июну № 47
Бишкек шаарынын административдик райондорунун
чек араларын бекитүү жөнүндө
Бишкек шаарынын аймагын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Борбордун статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын схемалык карталары ушул токтомдун 1-4-тиркемелерине ылайык;
Бишкек шаарынын административдик райондорунун чек араларынын баяндамасы ушул токтомдун 5-8-тиркемелерине ылайык.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А. Дж.) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Б. Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
2025-жылдын «25» июнундагы
№ 47 токтомуна 6 тиркеме
Бишкек шаарынын
Биринчи май административдик районунун
чек араларынын баяндамасы
Чек аралар:
1. Байтик Баатыр проспекти менен И. Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши боюнча түндүктү көздөй Жибек-Жолу проспектине чейин.
2. Жибек Жолу проспекти менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши боюнча батышты көздөй Жаш Гвардия бульварына чейин.
3. Жаш Гвардия бульвары боюнча түштүктү көздөй М. Рыскулов көчөсүнө чейин.
4. М. Рыскулов көчөсү боюнча батышты көздөй Чүй проспектине чейин.
5. Дэн Сяопин проспекти боюнча батышты көздөй Кустанай көчөсүнө чейин.
6. Кустанай көчөсү боюнча түндүктү көздөй Чоң Чүй каналына (ЧЧК) чейин.
7. Ала-Арча суу сактагычынан чыккан дарыяны бойлото түндүктү көздөй Түндүк айланма жолуна чейин.
8. Түндүк айланма жолу боюнча чыгышты көздөй Ю. Фучик көчөсү менен кесилишке чейин.
9. Ю. Фучик көчөсүнөн түндүктү көздөй Ак-Чий көчөсү менен Сокулук районунун чек арасы боюнча «Мурас-Ордо» конушунун чегине чейин.
10. «Мурас-Ордо» конушунун чегинен түндүктү көздөй Сокулук районунун чек арасы боюнча көлмөгө чейин.
11. Көлмөдөн, түштүк, түндүк жана чыгышты көздөй көлмөнү айланып Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Ала-Арча суу сактагычына чейин (батыш тарабы).
12. Ала-Арча суу сактагычын бойлото, чыгышты, түштүктү, түндүктү көздөй, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына (батыш тарабы) чейин.
13. Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын батыш тарабынан түштүктү көздөй дарыяны бойлото Бухара көчөсүнө чейин.
14. Бухара көчөсү боюнча чыгышты көздөй Коллекторная көчөсүнө чейин.
15. Коллекторная көчөсү боюнча түштүктү көздөй Саадаев көчөсүнө чейин.
16. Саадаев көчөсү боюнча чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.
17. Тоголок Молдо көчөсү боюнча түштүктү көздөй Жибек-Жолу проспектине чейин.
18. Жибек-Жолу проспекти боюнча чыгышты көздөй Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин.
19. Ж. Абдрахманов көчөсү боюнча түндүктү көздөй И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
20. И. Ахунбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Ч. Айтматов проспектине чейин.
Анклавдар:
1. «Манас» аэропортунун жер участогу, жалпы аянты – 3691,13 га.
2. «Бугу-Эне-Багыш» конушунун жер участогу, жалпы аянты – 142,25 га.
3. «Манас» авиашаарчасынын жер участогу, жалпы аянты – 8,15 га.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Б. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин
2025-жылдын «25» июнундагы
№ 47 токтомуна 8 тиркеме
Бишкек шаарынын
Октябрь административдик районунун
чек араларынын баяндамасы
Чек аралар:
1. Темир жол боюнча Чыгышты көздөй Байтик Баатыр көчөсүнөн Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча «Учкун-2» конушуна чейин.
2. Темир жолдон түштүктү көздөй «Анар-Бак» конушуна чейин, «Анар-Бак» конушунун чек арасы боюнча «Покровский» каналы Ысык-Ата районунун чек арасы боюнча Полевая көчөсүнө чейин.
3. Полевая көчөсүнөн түштүктү көздөй «Тоо-Жели» дачасына чейин.
4. «Тоо-Жели» дачасынан Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Т. Айдарбеков көчөсүнө чейин.
5. Т. Айдарбеков көчөсү боюнча түндүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Маликов көчөсүнө чейин.
6. Маликов көчөсү боюнча батышты көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча «Приборист» дачасына чейин.
7. «Приборист» дачасынан түндүктү көздөй Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Майрам көчөсүнө чейин.
8. Жергиликтүү көчө боюнча батышты көздөй Майрам көчөсүнөн, Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Аламүдүн районунун Аруун көчөсүнө чейин.
9. Жергиликтүү көчө боюнча Аламүдүн районунун Аруун көчөсүнөн Аламүдүн районунун чек арасы боюнча жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабына чейин.
10. Жергиликтүү көчө боюнча жергиликтүү көрүстөндүн батыш тарабын бойлото Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Ормокоев көчөсүнө чейин.
11. Ормокоев көчөсү Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Рысмендеев көчөсүнө чейин.
12. Рысмендеев көчөсү Аламүдүн районунун чек арасы боюнча Иманалиев көчөсүнө чейин.
13. Иманалиев көчөсү боюнча батышты көздөй Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.
14. Семетей көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин.
15. Ч. Айтматов проспектибоюнча Семетей көчөсүнөн түндүктү көздөй И. Ахунбаев көчөсүнө чейин.
16. И. Ахунбаев көчөсүбоюнча Ч. Айтматов проспектинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин.
17. Байтик Баатыр көчөсү боюнча И. Ахунбаев көчөсүнөн темир жолго чейин.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Б. Аденов