КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-августундагы № 487
Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кенеши жөнүндө
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишин координациялоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жана 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин катчылыгы болуп аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 166 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Жашыл” экономиканы өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 197 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 “Климаттын өзгөрүшү, экология жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 245 “Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык комитет жөнүндө” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экология, климаттын өзгөрүшү жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңешинин курамы