Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 5- сессиясы

2025-жылдын 20-февралы № 22

 

Шекер айыл өкмөтүнүн Шекер айылындагы спорт комплекске ысым ыйгаруу жөнүндө

Шекер айылындагы жаңы курулуп бүткөн спорт комплекске 2020-жылдын 20-декабрындагы Шекер айылынын спортту сүйгөн тургундарынын кайрылууларын эске алып ысым ыйгаруу жөнүндө;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шекер айылындагы жаңы курулуп бүткөн спорт комплекске Бешкемпир уулу Акылдын ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага жүктөлсүн.

Төрага

 

К. Э. Иманалиев