Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
2025-жылдын 6-августу № 188
Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалымат алууга жана жайылтууга болгон укугунун ишке ашырылышын камсыз кылууга багытталган жана бул укуктар менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) жалпыга маалымдоо - адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн арналган басма сөз, видео-, аудиовизуалдык жана башка билдирүүлөр жана материалдар;
2) жалпыга маалымдоо каражаты - туруктуу аталышы бар мезгилдүү басылма, телеканал, радиоканал, аудио-, видеопрограмма, кинохроникалык программа, тармактык басылма жана жалпыга маалымдоону мезгилдүү жайылтуунун башка формасы;
3) мезгилдүү басылма - туруктуу аталышы, учурдагы номери бар жана бир жылда кеминде бир жолу жарыкка чыгуучу гезит, журнал, бюллетень же башка басылма;
4) аудио-, видео-, кинохроникалык программа - маалыматты мезгилдүү жайылтуунун формасы, ошондой эле туруктуу аталышы бар жана жарыкка (эфирге) бир жылда кеминде бир жолу чыгуучу мезгилдүү видео, аудиовизуалдык кабарлардын жана материалдардын (берүүлөрдүн) жыйындысы;
5) жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясы - мезгилдүү басылманын өзүнчө номердеги тиражы же тиражынын бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын өзүнчө чыгарылышы, программанын аудио- же видеожазууларынын тиражы же тиражынын бөлүгү, тармактык басылманын өзүнчө чыгарылышы же болбосо жаңыланышы, жалпыга маалымдоонун башка каражатынын өзүнчө чыгарылышы;
6) жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын жайылтуу - мезгилдүү басылманы, программанын аудио- же видеожазууларын сатуу, жазылуу, жеткирүү. таратуу, телеканалдын, радиоканалдын берүүсү (телеберүү, радиоуктуруу), телеканалдын, радиоканалдын курамында тиешелүүлүгүнө жараша телепрограмманын, радиопрограмманын берүүсү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, жайылтуунун башка ыкмалары;
7) жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясы - жалпыга маалымдоо каражатын өндүрүүнү жана чыгарууну жүзөгө ашыруучу жеке жак (жеке жактар) жана/же юридикалык жак (юридикалык жактар);
8) редактор - өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын алкагында редакциянын ишин жалпы координациялоону, редакцияда белгиленген негизги стандарттарды жана эрежелерди сактоону, редактураны, билдирүүлөргө жана материалдарга адабий түзөтүүлөрдү жүргүзүүчү адам;
9) журналист - жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалыматтарды жыйноо, талдоо, редакциялоо, даярдоо жана жайылтуу менен алектенүүчү чыгармачыл кызматкер;
10) басып чыгаруучу - жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын өндүрүүнү жана чыгарууну материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
11) жайылтуучу - редакция, басып чыгаруучу менен келишимдин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жалпыга маалымдоо каражатынын продукциясын жайылтууну жүзөгө ашыруучу жак;
12) маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
13) редакциялык саясат - жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынын ишинин ички стандарттары жана жазма буйруктары;
14) тармактык басылма - туруктуу аталышы бар жалпыга жеткиликтүү маалыматтык-телекоммуникациялык Интернет түйүндөрү аркылуу массалык маалыматты электрондук-санарип формасында жайылтуу үчүн багытталган электрондук басылма түрүндө маалымат жайылтуу формасы;
15) жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестри - катталган (кайра катталган) жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;
16) коомдук кызыкчылык - мамлекеттин иштеши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын жана коомдук ишмерлердин ишмердүүлүгү, саясат, саламаттык сактоо, билим берүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо, укук колдонуу жана сот адилеттигин ишке ашыруу, адам укуктарын коргоо, керектөөчүлүк жана социалдык кызыкчылыктар, айлана-чөйрө, экономикалык маселелер, бийлик жүргүзүү, искусство жана маданият, дин, ошондой эле адамдардын кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыгын козгогон же таасири тийген башка маселелер тууралуу маалымат алууда аныкталбаган адамдардын муктаждыгы.
2-берене. Пикир билдирүү эркиндиги, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндиги
1. Кыргыз Республикасында ар бир адам пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигине укуктуу, ал төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун формада пикирин эркин билдирүү;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ар кандай ыкмалар менен маалыматты эркин издөө, тандоо, алуу жана жайылтуу;
3) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды камтыган маалыматтардан тышкары, маалыматты эркин алуу мүмкүнчүлүгү;
4) жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукциясын эркин түзүү жана жайылтуу;
5) жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине кийлигишүүгө мыйзамдык чектөөлөрдү орнотуу;
6) маалымат булактарын коргоо;
7) цензурага тыюу салуу;
8) жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу жана алардын монополиялашуусуна жол бербөө;
9) медиасектордо өзүн-өзү жөнгө салуусун өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
2. Кыргыз Республикасында ар бир адамдын пикирин билдирүү эркиндигине, сөз жана басма сөз, маалымат алуу жана жайылтуу эркиндигине укугу оозеки, жазуу жүзүндө, басма жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасында жалпы маалыматты издөөгө, алууга, өндүрүүгө жана жайылтууга, басма жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө, аларга ээлик кылууга, пайдаланууга жана аларды башкарууга, ошондой эле продукцияны өндүрүүгө жана жайылтууга арналган техникалык каражаттарды жана жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды даярдоого, сатып алууга, сактоого жана пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган учурларды кошпогондо, чектөө коюуга жол берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар жана мекемелер жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге коомдук кызыкчылык жараткан же адамдын мыйзамдуу кызыкчылыгына, укуктарына жана эркиндиктерине тиешелүү маалыматтарды, материалдарды берүүгө милдеттүү.
5. Пикир билдирүү эркиндигин, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин чектөө өзгөчө же согуштук абал учурунда Кыргыз Республикасынын согуштук абал жана өзгөчө абал жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жана чегинде жол берилет.
3-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ушул Мыйзамдан, "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана аларга ылайык чыгарылуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк мамлекеттердин юридикалык жактары жана жарандары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жарандары менен бирдей эле ушул Мыйзамда каралган укуктарды пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
4-берене. Жалпыга маалымдоо каражатынын ишине кийлигишүүгө жол берилбестик
Жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын продукция өндүрүү процессине, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражатынын өндүрүүчүсү менен уюштуруучусунун жана (же) редакциясынын (редакторунун) ортосундагы мамилелерге мыйзамсыз тоскоолдук кылуусу же кийлигишүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
5-берене. Маалыматты жайылтууга чектөөлөр
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын бийлигин күч менен басып алууга же конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн;
2) расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, ошондой эле басмырлоо, кастыкка же зомбулукка тукуруу максатында;
3) терроризмге жана зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүү максатында же болбосо ушул көрүнүштүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты жайылтуу максатында маалыматты, аналитикалык материалдарды жана изилдөөлөрдү жайылтуу учурларын кошпогондо, террористтик ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды камтыган же болбосо терроризмди же зомбулук экстремизмди ачык актаган материалдарды жайылтуу үчүн;
4) порнографияны пропагандалаган, зомбулукту жана мыкаачылыкты актаган материалдарды жайылтуу үчүн;
5) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун жайылтууга каршы аракеттенүү максатында маалыматтарды, аналитикалык материалдарды жана изилдөөлөрдү же болбосо бул көрүнүштүн көйгөйлөрү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу учурларын кошпогондо, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуунун, даярдоонун жана пайдалануунун ыкмалары, методцору, сатып алуучу жерлери жөнүндө маалыматтарды пропагандалоо жана жайылтуу үчүн.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары төмөнкүлөргө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш:
1) балдардын психикалык же дене боюнун саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматты жайылтууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген же болбосо үчүнчү жактардын конституциялык укуктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, адамдын жеке жашоосу жөнүндө, ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды анын макулдугусуз жайылтууга. Ушул пунктта каралган маалыматтарды таратууда расмий булактарды пайдалануу жана үчүнчү жактарды идентификациялоону болтурбоо боюнча чараларды көрүү зарыл, буга коомдук кызыкчылыкты коргоо үчүн аларды идентификациялоо талап кылынган учурлар кирбейт;
3) адамдын күнөөсүздүк презумпциясы принцибин бузган материалдарды жайылтууга;
4) майыптыгы бар адамдарды басмырлоонун белгилерин камтыган маалыматты жайылтууга.
Укук коргоо органдарынын пресс-релиздери аркылуу жайылтылган маалыматтар боюнча дооматтар расмий маалыматты берген укук коргоо органдарынын өздөрүнө коюлат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине чектөөлөр жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аналитикалык материалдарды, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу жөнүндө көйгөйлөр жана фактылар тууралуу маалыматтарды чогултуу, издөө жана таратуу учурларына жайылтылбайт.
6-берене. Маалыматты ачыкка чыгарбоо учурлары
1. Соттон анын өндүрүшүндө турган ишке байланыштуу тиешелүү негизделген жана жүйөлөнгөн талап келип түшкөн учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты маалымат булагын сыр сактоого жана анын атын ачыкка чыгарбоо шарты менен маалымат берген адамды атабоого укуктуу.
2. Ачык сот процессинин жүрүшүндө алынган маалымат жайылтылган учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты укук бузган же укук бузууга шектелген жашы жете электин жеке маалыматтары жөнүндө маалыматты анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ачыкка чыгарууга укуксуз.
7-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын цензурасына тыюу салуу
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын цензурасына, башкача айтканда, кызмат адамдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, мекемелер же коомдук бирикмелер тарабынан жалпыга маалымдоо каражатынын редакциясынан кабарларды жана материалдарды алдын ала макулдашуусун талап кылууга, ага тете кабарларды жана материалдарды же болбосо алардын айрым бөлүктөрүн жайылтууга тыюу салууга жол берилбейт.