КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июлу № 18
Мүрзөнүн аянтын кеңейтүү үчүн каралган жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы М.А.Токчулуковтун Петропавловка айылынын мүрзөсүнүн аянтын кеңейтүү үчүн каралган жер тилкесинин категориясын которуу (трансформациялоо), зарыл экендиги тууралуу маалыматын угуп, талкуулап Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат
ТОКТОМ:
1.Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын “Присельный” участкасынын № 215- контурунда жайгашкан жалпы аянты 4,0 га түзгөн сугат айдоо жерин, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын башчысы - Токчулуков М,А., 4,0 га, сугат айдоо жерин башка категорияга которуу боюнча Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын башчысына сунуш менен кайрылсын.
3.Башка категорияга которуу (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин, жер тилкеси Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү милдети жер маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө.
Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин төрагасы |
| Дженишбеков Т.Дж. |