КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июлу № 16
Балдар аянтчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңеши Токсобаев Адилет Тынарбековичтин 12-жылдын 2023-июлундагы "Балдар аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" арызын карап жана талкуулап, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылды:
ТОКТОМ:
1. Болжолдуу аянты 400кв.м болгон Москва жана Арчалуу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер тилкесин балдар ойноочу аянтчаны курууга макулдук берилсин.
2. Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы-М.А. Токчулуков аталган бул жер участогун айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу үчүн материалдарды даярдасын.
3.Курулуш иштерин жүргүзүү аяктагандан кийин балдар ойноочу аянтча Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешитин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө, туруктуу комиссияга.
Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин төрагасы |
| Дженишбеков Т.Дж. |