Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 6- сессиясы

2025-жылдын 28-февралы № 27

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, 2022-жылдын 18-январында №4 сандуу кабыл алынган “Салык кодексин колдонууга киргиз” жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги №78 мыйзамынын редакциясына ылайык мүлк салыгын карап берүү жөнүндө

Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жекшеналы уулу Чубактын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесиндеги имарат жайлардын зооналык коэфицентин өзгөртүү боюнча кайрылуусун карап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесин калктуу конуштардагы имарат жайлардын зооналык коэфиценти 1,0 ден 1.2 чен бирдигине көтөрүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шекер айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Т.Сыдыковго милдеттендирилсин

Төрага

 

К. Э. Иманалиев