Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешини
кезексиз 3- сессиясы
ТОКТОМ
27.01.2025ж. № 3-1
Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун негизинде жергиликтүү кеңештин төрагасы А.Ш.Кыштобаев, жергиликтүү кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы 2025-жылдын бюджетин карап, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши талкуулап токтом кылат:
- Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын 2025 - жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү, кирешелер (Тиркеме №1 ылайык) жана чыгашалар (Тиркеме №2 ылайык) 41325,9 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен
- Жергиликтүү бюджет көлөмү – 36949,6 миң сом
- Атайын каражаттар боюнча – 5500,0 миң сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
- 2026-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
42000,0 миң сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
- 2027-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалар боюнча 42532,6 миң сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
- Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
- Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана
инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев