Редакцияот 19.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы

 

ТОКТОМ

 

19.02.2025ж. № 4-1                                                               

 

Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылда калган эркин каражаттарын (свободный остаток) бөлүштүрүү жөнүндө

 

Ж.Абдрахманов айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоеванын  2024 -жылы 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражаттарын (свободный остаток) пайдалануужөнүндө  сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

Ж.Абдрахманов айыл аймагынын калдык каражаты 6 997, 1миң сом төмөндөгүдөй

- 3000,0миң сом  акча каражаты лизингке техника (экскаватор) алууга берилсин;

- 3000,0миң сом акча каражаты социалдык обьектилерди камсыздандырууга (Госстрах) берилсин;  

- 997,1 миң сом – акча каражаты лизингти төлөөгө( алынган погрузчиктин лизинги) жумшалсын.

2.Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

    Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага 

     милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана

   инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                              А.Ш.Кыштобаев