АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 2
2024-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагынын 2024-жылдын башында бош калган акча каражатын бекитүү боюнча Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Рахматов Рахматилла билдирүү жасап, айылдык кенештин талкуусуна коюп, бул маселе кеңири талкууланып, Ала-Тоо айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн 202 4-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 13 497,9 миң сом жана чыгашалары менен 13 497,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2024-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 682,6 сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми чыгаша жагы балдар бакчаларынын тамак-аш азыктарын алуу статьясына 682,6 сом акча каражаты бекитилсин.
3."Абад-Айыл" муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 53,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Чыгаша жагы да 53,4 сом өлчөмүндо белгиленсин.
4.Орто билим берүү тармагынын 70921 тармагынан 3111 элементине 1000,0 акча каражаты бекитилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |