Редакцияот 19.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы

 

ТОКТОМ

 

19.02.2025ж. № 4-2                                                               .

 

“Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 23-апрелиндеги №81 тескемесинин негизинде  “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

1. Ж.Абдрахманов айыл аймагында 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык

    көрүү жана өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен – 285,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

    Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага  милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                              А.Ш.Кыштобаев