Редакцияот 23.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 23-апрели № 4

 

Ала-Тоо айыл аймагынын Жылкелди айылындагы жаңы конуш көчөлөрүнүн бирине маркум Бекмурзаев Молдокалдын ысмын ыйгаруу жөнүндө

 

 

Айылдык кеңештин депутаттары, Жылкелди айылынын жаңы конушундагы бош көчөлөрүнүн бирине Бекмурзаев Молдокалдын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү айыл аймактын Жылкелди айылындагы 25.03.2024-жылдагы элдик жыйындын №1 протоколун бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Сунушун карап жана талкуулап чыгып,аталган протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоо , географиялык обьекттерди оңдоо,атайын өзгөртүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобо 6-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык айылдык Кеңештин сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Ала-Тоо айыл аймагындагы Жылкелди айылындагы 25.03.2024-жылдагы элдик жыйындын №1 протоколун бекитилсин жана айылынын бош көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери маркум Бекмурзаев Молдокалдын ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.Бекмурзаев Молдокул атындагы көчөнүн чекаралары Жылкелди айылынан Жоош айыл аймагынын Калинин айылына баруучу Сөлкө көчөсүнүн чыгыш жагына бурулганда батыш жагынан Каипов Кимсан көчөсүнүн ,түндүк жагынан Түмөнов Тай көчөсү менен чектешкен сол жак бети батыш жагынан Адиев Баатырдын үйүнөн чыгыш жагы Жамшитов Урматтын үйүнө чейин,түндук жагы Митал кызы Гулбаранын үйүнөн башталып чыгыш жагы Тойгонбаев Тайлактын үйүнө чейин аякталсын.

3.Көчөгө баруучу жерден баш жагына жана аяк жагына “ Бекмурзаев Молдокал атындагы көчөсү” деген жазуу жана үй номерлери илинсин.

4.Токтомдун бир нускасы жер ресустары кызматы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси Кара-Суу райондук филиалына жиберилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Ала-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы:

 

С.П.Машрапов