АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 5
Жайыт комитети жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттар, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругунун тиркемесиндеги Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрь №735 пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө токтомунун негизинде иштелип чыккан жобо менен тааныштырды жана айылдык кеңештин депутаттары сессияда карап чыгып
Токтом кылат:
1.Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобонун негизинде мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругунун негизинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Уюшулган ишкананын жетекчилигин дайындоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин ишин,депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |