АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 6
Ала-Тоо айыл аймагынын Тажик маала айылына балдар акчасын ачуу жөнүндө
Ала-То айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаева айыл аймагында жайгашкан Тажик маала айылдарынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачуу боюнча арызын тааныштырып,ага макулдук берүү жөнүндө сураныч катын кеңири карап карап чыгып ,айылдык кеңештин сессиясы Ала-Тоо айыл аймагынын Тажик маала айылында мектепке чейинки балдардын саны өсүп балдар бакчасында тарбияланууга муктаждыктарын эске алуу максатында
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан Тажик маала айылына балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2.Балдар бакчасын ачууга тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун бир нускасы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык, маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |