АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 7
“Абат айыл” муниципалдык ишканасын “Ала-Тоо тазалык” муниципалдык ишканасына мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы “Абат айыл” муниципалдык ишканасын Ала-Тоо айыл аймагынын “Абат айыл тазалык” муниципалдык ишканасы деп кайра түзүү боюнча сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1. “Абат айыл” муниципалдык ишканасын “Ала-Тоо Тазалык” муниципалдык ишканасына мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. “Ала-Тоо Тазалык” муниципалдык ишканасынын аталышын кайрадан каттоо боюнча тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай,коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |