АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 9
Ала-Тоо айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругунун тиркемесиндеги Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрь №735 пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык ишканаларды түзүү, өз аймагында экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуу максатында айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча сунушун, айылдык кеңештин депутаттары кеңири талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ала-Тоо айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2.Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругунун негизинде мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап,анын негизинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн тарифтерине макулдук берилсин.
4.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин ишин, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы: |
| С.П.Машрапов |