Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6-августундагы
№ 475 токтомунуна тиркеме
Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында
билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби
жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобо чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарына (мындан ары – билим берүү уюмдары) талапкерлерди даярдоо, алдын ала жана конкурстук тандоону өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Жобо улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча чет өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарына тапшырып жаткан адамдарга жана аскер кызматчыларына колдонулбайт.
3. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
талапкер – билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоого катышууну каалагандыгын жазуу түрүндө билдирген Кыргыз Республикасынын жараны, аскердик кызматты өтөгөн жарандар (мындан ары – жарандар) жана жоокерлердин, сержанттардын жана прапорщиктердин кызмат орундарында мөөнөттүү аскердик кызматты жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары (мындан ары – аскер кызматчылары);
угуучу – жогорку аскердик кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алуучу офицердик курамдын адамы;
аскердик бөлүк – Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Кайтаруу жана конвой департаменти) белгиленген штат боюнча кармалган, уюштурулган өз алдынча күжүрмөн жана административдик-чарбалык бирдик;
командир – Куралдуу Күчтөрдөгү жана башка аскердик түзүлүштөрдөгү бөлүкчөнү, мекемени, бөлүктү, кошуунду башкаруу (жетектөө) жүктөлгөн командалык курамдын кызмат адамы, мекеменин башчысы;
ыйгарым укуктуу орган – коргоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка аскердик түзүлүштөр жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары (улуттук коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кошпогондо).
докторант - жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы;
адъюнкт (PhD докторанты) - кесиптик жогорку билим берүү базасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо программалары боюнча билим берүү уюмдарында билим алып жаткан офицердик курамдын адамы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу:
1) офицерлерди илимдин доктору окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында докторанттар жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоо үчүн билим берүү уюмдарында адъюнкттар (PhD докторанттары) катары окутууга ‒ ыйгарым укуктуу органдын аскердик билим берүү органына (мындан ары ‒ аскердик билим берүү органы) жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт;
2) офицерлерди аскердик кесиптик жогорку билим алуу үчүн билим берүү уюмдарында угуучулар катары окутууга – ыйгарым укуктуу органдын кадрдык органына (мындан ары – кадрдык орган) жүктөлөт;
3) талапкерлерди (анын ичинде орто (толук) жалпы билим берүү уюмдарында билим алып жаткандарды) билим берүү уюмдарына курсанттар катары окутууга тапшыруу үчүн аскердик билим берүү органына жүктөлөт. Аскердик билим берүү органдары жок ыйгарым укуктуу органдарда конкурстук тандоо өткөрүүнү уюштуруу кадрдык органга жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Офицерлерди, ошондой эле билим берүү уюмдарында билим алууну каалаган талапкерлерди окутууга конкурстук тандоо чакыруучу тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Угуучу катары билим берүү уюмдарына
тапшырып жаткан офицердик курамдын
адамдарын кабыл алуу тартиби
§ 1. Окуу орундарынын керектүү санын аныктоо