ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXXI сессиясы
2024-жылдын 22-апрели № 31/1
Өзгөн шаарынын административдик аймактык бирдигинин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 ПЖ Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги №3 биргелешкен отурумунун протоколунун, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин 2024-жылдын 17-апрелиндеги №01-19/418 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндөгү” № 379 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндөгү” № 906 токтомунун, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдын 24-апрелиндеги “Өзгөн шаарынын генпланын бекитүү жөнүндөгү” № 76 токтомунун, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 14-сентябрындагы “Өзгөн шаарынын чек ара сызыгынын макулдашуусун жана анын жазылышы жөнүндөгү актына бекитүү жөнүндөгү” № 122 токтомунун, Өзгөн шаарынын чек араларын тактоо жана макулдашуу боюнча 2001-жылдын 17-июлундагы актынын жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 22-июнундагы “Жер мунапысынын объектилеринин укуктарын бекитүү жөнүндөгү” № 01-13/60 токтомумунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын аймагын кеңейтүү максатында Өзгөн районунун Дөн-Булак айыл аймагынан Өзгөн шаарынын тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилген 104,0 га жана мурунку АйылТехСервистин аймагындагы 8,57 га жер аянттары Өзгөн шаарынын чек арасынын аймагында калтырылсын.
2. Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтү менен Өзгөн шаарынын чек араларын кайрадан тактоо иштерин жүргүзүү жана сессияга сунуштоо Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
3. Токтомго ылайык келип чыгуучу иш-чараларды жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Хасанов |